ВИДЕО – “Төө-Ашуу” ашуусунда жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө киргизилди | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – “Төө-Ашуу” ашуусунда жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө киргизилди

Бүгүн, 23-октябрда Суусамыр өрөөнүндө кар жаады. Буга байланыштуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгы жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө киргизди.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу жол кырсыгынын алдын алуу максатында Бишкек-Ош унаа жолундагы айрым транспорттук каттамдарга чектөө киргиздик. Айдоочуларды жолго чыгаардан мурда унаанын дөңгөлөктөрүн кышкы шинага алмаштырып алуусун суранабыз. Ошондой эле аралыкты сактап, жанына аптечка, чынжырча, күрөкчөнү алууну эскертебиз”, – деп билдиришти мекемеден.

Ал эми интернетке колдонуучу тарабынан “Төө-Ашуу” ашуусундагы бүгүнкү көрүнүш жаряланган. Анда автор жолдон өтүү кыйын болуп жатканын, мүмкүн болсо алыскы сапарга чыкпай турууну сунуштаган.