ВИДЕО – Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылык үчүн кармалды
Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылык үчүн кармалды. бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 2020-жылы сентябрда Ысык-Көл РИИБге 36 жаштагы Д.А. аттуу жаран кайрылып, мартта өзүн «Замир» деп таныштырган белгисиз адам «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасын ага саткан. Кийинчерек, аталган автоунаа издөөдө жүргөндүгү аныкталып, жабырланган адамга материалдык чыгым келтирилген.
Бул факт Ысык-Көл РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204 (Алдамчылык) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган эле.
Ысык-Көл ОИИБдин уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери, Ысык-Көл району боюнча УКМКнын кызматкерлери менен бирдикте алдамчылык кылмышын жасагандыгы үчүн шектелип жаткан, КР ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турган 24-жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургунун Э.Э. кармалды.
Азыркы учурда, кылмышка шектүү Э.Э райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына сот тарабынан баш коргоо чарасы жарыяланганга чейин киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.