ВИДЕО: Өз балдарын аёосуз сабаган ата колго түштү | Эркиндик Медиа

ВИДЕО: Өз балдарын аёосуз сабаган ата колго түштү

Кечээ, 4-октябрда социалдык тармактарга кишинин кичинекей баланы белгисиз эркек уруп жаткандагы видеосу тараган. Аталган видеодо болжол менен 12-14 жаштагы баланы чоң эле киши жаман сөздөр менен сөгүп, башка, бетке ургулап жатканы тартылган.

Видео чыккандан кийин окуя Казакстанда болгону аныкталды. Бул окуя тууралуу Жазира Бегалы аттуу казак журналисти өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Маалыматка ылайык, видеодо балага кол көтөргөн киши – анын атасы. Мындан тышкары дагы 2 баласы бар экени айтылат. Ал эми видеону баланын апасы тарткан. Ал бул кадамга укук коргоо органдарына далил катары көрсөтүү үчүн барганын жазган. Журналисттин айтуусу боюнча үй-бүлө башчысы 4 жылдан бери балдарын жана аялын сабап жүргөн.

Видео социалдык тармакка тарап кеткенден кийин колдонуучулар Казакстандын укук коргоо органдарына нааразычылыгын билдирген. Алар “бизде үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы чаралар, алсыз адам көзү өтүп кеткенде гана көрүлөт” деп жазышкан.

Бүгүн, 5-октябрда видеодогу баланы сабаган адам кармалганын казак басылмалары жазып чыгышты. Мындан тышкары анын кармалгандагы видеосу жарыяланды.

Шектүүдөн эмнеге балдарыңды урдуң деген суроого: “Мен дагы ушинтип тарбиялангам. Мен дагы балдарымды уруп тарбиялайм” деп жооп берген.