Вице-мэр Алимбек Абдылдаев Финполго сурак берди | Эркиндик Медиа

Вице-мэр Алимбек Абдылдаев Финполго сурак берди

Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча кеңешчиси, вице-мэр Алимбек Абдылдаев кечээ Финполго сурак берди. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Абдылдаев “Бишкек жылуулук энергия” коммуналдык ишканасындагы маселе боюнча күбө катары чакыртылган. Вице-мэр иштин ар тараптуу изилдениши үчүн кенен маалымат берген.

Белгилей кетсек, Абдылдаев бүгүндөн тарта кадимкидей иштеп, шаардын чарбалык көйгөйлөрүн чечип жатат.

Эске салсак, Абдылдаев 2011-жылдан 2019-жылга чейин “Бишкек жылуулук энергия” коммуналдык ишканасында эмгектенген.