Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Матраимовду кармоо спектаклби деген суроого жооп берди | Эркиндик Медиа

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Матраимовду кармоо спектаклби деген суроого жооп берди

УКМК кызматкерлери үчүн коюлган тапшырма аткарылды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Максат Мамытканов Райым Матраимовдун кармалышына байланыштуу онлайн брифинг учурунда билдирди.

“Матраимов фамилиясын өзгөртүп, жаңы паспорт алууга аракет кылып жатат деген маалымат келе баштаганда, бардык атайын кызматтарга анын жүргөн жерин таап, тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн тийиштүү органдарга жеткирүүгө аракет кылышкан. Бул тапшырма аткарылды”, – деди ал.

“Кармоо ишенимсиздикти жаратууда. Уюштурулган спектакль окшойт деп жатышат. УКМКнын маңдайындагы май куюучу жайдан бир нече адам кармалды. Кармалгандардын бири Дастан Жумабековдун тууганы деп таанылды. Сиз буга кандай карайсыз?”, – деп журналисттер ага суроону узатты.

Ал адамдын кармалгандыгы ачык эле көрүнүп турат. Ал келди, ага карата ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат, деди вице-премьер-министр.

«Суроо башка – ал кандайча иликтенет жана кандай масштабга жетет. Болгон иштер, белгилүү бир этапта токтоп калган. Азыр мунун баары калыбына келтирилип жатат.

Албетте, мындан аркы иштер жүргүзүлөт. Акырына жетүү милдетин койгонбуз. Матраимдин схемалары жасалма дагы, ойдон чыгарылган дагы эмес.

Эми укук коргоо органдары коомчулукка жана журналисттерге жооп бериши керек.

Белгилүү бир убакыттан кийин баардыгы ишенимдүү жана толук маалымат алышы керек», – деди ал.

Мамытканов ошондой эле эгерде адамдарда Матраимов тарабынан жасалган мыйзам бузуу фактылары болсо, анда алар укук коргоо органдарына кайрылышса болот жана алар карала тургандыгын белгиледи. Бул коомго, кызмат даражасына карабастан, ар бир адам текшерилип, колдо болгон фактылар каралат деген билдирүү болорун белгиледи.