Владимир Путин: Кыргызстандагы кырдаал бизди тынчтандырбай койбойт | Эркиндик Медиа

Владимир Путин: Кыргызстандагы кырдаал бизди тынчтандырбай койбойт

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы чыр-чатактын бардык тараптары менен байланышта экендигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости 7-октябрда жазды.

“Жакында парламенттик шайлоо болуп өттү. Баса, аларды эл аралык байкоочулар гана эмес, ЕККУнун өкүлдөрү дагы ишенимдүү жана демократиялуу деп тааныды, андан кийин ал жерде болуп өткөн окуялар, албетте, бизди тынчсыздандырбай койбойт. Бардыгы тынчтык жолу менен болот деп үмүттөнөбүз, кадимки демократиялык саясий жараян калыбына келет деп үмүттөнөбүз жана дагы бир жолу кайталайм, бул мүмкүн болушунча эртерээк болушу керек ”, – деди Путин Россия 24 телеканалына берген маегинде.

«Биз бардык катышуучулар менен ушул чыр-чатактын бардык тараптары менен байланыштабыз. Ички саясий кырдаал турукташкандан кийин Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү экендигин жана биздин биргелешкен ири көлөмдөгү ишибиз бар экендигин эске алып, бардык пландарыбызды ишке ашырууну улантабыз деп ишенгим келет», – деди Путин кырдаалга комментарий берип.

“Биз Кыргызстанга насыя каражаттарын бөлүүдө, Евразия экономикалык бирлигинин мейкиндигине кирүүдө олуттуу жардам көрсөтөбүз, бажы, фитосанитардык көзөмөл ж.б.у.с. Биз Кыргызстан бул уюмдун толук кандуу мүчөсү болушун камсыз кылуу үчүн олуттуу ресурстарды бөлүп жатабыз ”, – деп белгиледи Россия Федерациясынын Президенти.