Ырчы Анжелика кыздары менен кырсыкка кабылды | Эркиндик Медиа

Ырчы Анжелика кыздары менен кырсыкка кабылды

SUPER.KG порталынын “Элдик кабар” бөлүмүнө окурман ырчы Анжелика кырсыкка кабылганын айтып, жазды.

Окурмандын маалыматына ылайык, анын жанында кыздары болгон жана ырчы белин кокустаткан.

“Кырсык катуу эле болду, кичүү кызы да жанында бар болчу. Буту сыныптыр деп жатышкан”, – деди окурман.

Ал эми Анжелика кечээ, 23-январда интернеттеги баракчасына “Аллахка чексиз мактоолор, доктурларга таазим.
Баары шүгүр, чын жүрөктөн төртөөбүзгө берип жаткан дуаларыңыздар кабыл болсун.
Аманбыз”, – деп билдирүу калтырган.

Азыркы тапта тиешелүү тараптар маалыматты тактап жатат.