Ысык-Көлдө 400 граммдан ашык гашиш алып жүргөн адам кармалды | Эркиндик Медиа

Ысык-Көлдө 400 граммдан ашык гашиш алып жүргөн адам кармалды

Ысык-Көлдө 400 граммдан ашык гашиш алып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30 жаштагы шектүү Ысык-Көл райондук Ички иштер бөлүмүнүн тергөө абагына киргизилди.

УКМК 23-январда Ички иштер министрлиги менен биргеликте баңги заттарды ташуу жана сатуу, мыйзамсыз жүгүртүү каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында, Ысык-Көл областынан 1991-жылы туулган Чүй облусунун тургуну Е.К. кармалды.

Кармалган адамды жана унааны жеке текшерүү учурунда, кочкул күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар “гашиш” аталган, жалпы салмагы 400 граммдан ашык 29 брикет табылып алынган.

Бул факт боюнча, сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 268-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Ысык-Көл районундук Ички иштер бөлүмүнүн тергөө абагына киргизилди“, – деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.