Өзүн мамлекеттик кызматкер деп тааныштырып, бирөөнүн үйүнөн 675 миң сом уурдаган шектүү келин кармалды | Эркиндик Медиа

Өзүн мамлекеттик кызматкер деп тааныштырып, бирөөнүн үйүнөн 675 миң сом уурдаган шектүү келин кармалды

Бишкек шаарында уурулукка шектелген аял киши кармалды, деп билдирди бүгүн, 27-январда Ленин РИИБдин басма сөз кызматы.

Жабырлануучуга 2020-жылдын 4-сентябрында жолуккан келин өзүн социалдык кызматкер деп тааныштырган. Ал гуманитардык жардам бере турганын билдирип, үйдүн кожойкеси башка бөлмөдө жүргөндө 675 миң сом акчасын алып, качып кетүүгө үлгүргөн.

Уурулук беренеси менен жүргөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында 1992-жылы туулган И.Р. шектелип кармалды. Ал Бишкек ШИИБде убактылуу камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөттөгү шектүүдөн жабыркагандар болсо 0 (312) 654-494, 0(312) 352-947, 0 (550) 540-750, 0 (708) 540-750 телефон номурлары жана «102» кызматы аркылуу милиция кызматкерлерине кайрылса болот.