Өзгөндө 15 жаштагы кызды зордуктаган бала үй камагына чыкты | Эркиндик Медиа

Өзгөндө 15 жаштагы кызды зордуктаган бала үй камагына чыкты

Өзгөн районунда 15 жаштагы кызды зордуктаган бала үй камагына чыкты. Бул тууралуу Ош ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-декабрда кыздын энеси  19-декабрда үйдөн чыгып кеткен кызы кайтып келбегенин айтып, милицияга кайрылган. Милиция жоголгон кызды 31-декабрда таап, ата-энесине өткөрүп берген.

“Милиция менен болгон сүйлөшүүдө кыз аны 16 жаштагы кошунасы зордуктаганын мойнуна алган. 5-январда жабырлануучунун энеси милицияга арыз менен кайрылган. Кылмыш иши бирдиктүү реестрге катталып, 16 жаштагы М.Т атту жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 30-январда сот М.Тнын баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарган”,-деп айтылат маалыматта.