Жакын арада «Коопсуз шаар» долбоору Жалал-Абад шаарында ишке киргизилет | Эркиндик Медиа

Жакын арада «Коопсуз шаар» долбоору Жалал-Абад шаарында ишке киргизилет

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабына ылайык Жалал-Абад шаарында камераларды орнотууга даярдыктар жүрүүдө. Бүгүн калаанын биринчи вице-мэри Нуртилек Орозбаев милдеттендирилген компания өкүлдөрү жана тийиштүү тармактар менен биргеликте видеобайкоо орнотулуучу көчөлөрдү текшерип чыгышты.
Шаар боюнча 12 көчөгө аталган долбоордун камералары коюлат. Ал эми Жалал-Абад облусунун аймагына жалпы 48 жерге жол кыймылындагы эреже бузууларды аныктаган көзөмөл камерасын орнотуу пландалууда. Анын ичинен Ош — Бишкек авто жолуна 32 камера, ал эми Жалал-Абад — Балыкчы жолуна 4 камера коюлат.