Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди | Эркиндик Медиа

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди

Бүгүн, 21-октябрда Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 7:21де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Бостон, Бешик-Жон, Карача айылдарында 2,5 балл жана Базар-Коргон айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.