Жалал-Абадда 1-февралдан баштап мектептер ачылат
Жалал-Абадда 1-февралдан баштап мектептер ачылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим коронавирустун жайылышына жол бербөө максатындагы шаардык штабдын жыйынында кабыл алынды. 1-11-класстын окуучулары билимин оффлайн режиминде улантышат.
Шаардын муниципалдык бала бакчалары да бардык санитардык нормаларга жана эрежелерге ылайык, 1-февралдан тарта ачылат.
Эске салсак, Бишкекте мектепке азырынча 1-5-9-11-класстын окуучулары гана барып жатат. Калгандары онлайн форматта окуп жатышат. Борбор калаада 53 миңден ашуун окуучу мектепке барууда.