Жалал-Абадда 24 жаштагы Кубатбеков Дастан изделүүдө | Эркиндик Медиа

Жалал-Абадда 24 жаштагы Кубатбеков Дастан изделүүдө

Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын Арал айылынын тургуну 1996-жылы туулган Кубатбеков Дастан Замирбекович 2021-жылдын   16-февраль күнү саат 10:30 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Учурда Замирбековичтин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 160-165 см, өңү ак жүздүү, чачы, көзү кара, орто дене түзүлүштө, 3-группадагы майып, эки кулагы укпайт, сүйлөй албайт (дудук), эки көзү кылый.

Кийген кийимдери: Башында боз түстөгү шапка, үстүндө кара түстөгү жемпир, кызыл түстөгү жилет, күрөң түстөгү шым, бутунда жашыл түстөгү резина өтүк болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Кубатбеков Дастан Замирбекович тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Байланыш тел.: 102, (03748) 5-02-09, (0778) 15-15-91, (0558) 16-16-91.