Жалал-Абадда жаңы шаар пайда болот | Эркиндик Медиа

Жалал-Абадда жаңы шаар пайда болот

Профилдик комитет Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору менен Базар-Коргон шаарын административдик-аймактык бирдик катары Базар-Коргон айылдык округунун базасында түзүү сунушталат. Базар-Коргон шаарын түзүү үчүн сунушталган аймак 58842 адам жашаган айыл статусуна ээ болбогон 5 айылды жана 6 конушту бириктирет.

Шаар түзүлгөндө 24 адамдан турган мэрия жана төрт кишиден турган шаардык кеңештин кеңсеси түзүлөт. Эки кеңсенин кызматкерлеринин жылдык эмгек акы фондусу Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн жана эки айылдын айыл өкмөтүнүн аппаратын тейлөөгө караганда аз болору белгиленди. Базар-Коргон айыл аймагы өзүн-өзү камсыздагандыктан, бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.