Жанар Акаев: Билим берүү министрин кызматтан алгысы келип жатышат | Эркиндик Медиа

Жанар Акаев: Билим берүү министрин кызматтан алгысы келип жатышат

Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевди кызматтан алып, ордуна Агрардык окуу жайдын ректорун алып келүү аракеттери болуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

“Урматтуу депутаттар, жарандык коом! Эртең көпчүлүк коалициянын жыйынында жаңы дэм менен жаратмандык иштерди жасап баштаган прогрессивдүү Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевди кызматтан алып, ордуна Агрардык окуу жайдын ректорун, ветеринар кадрдын талапкерлиги сунушталат экен. Мурда кылмыш иши козголгон адам деп уктум, тийиштүү органдарга эрте менен запрос беребиз.

Мындайга жол бербейли, иштеп жаткан кадрларды колдойлу. Садыр Жапаров, Эльвира Сурабалдиева, Артем Новиков көңүл буруп, эртеңкиге чейин чечимди терең ойлонуп, талдап кабыл аласыздар деп ишенем”, – деп жазган депутат.