Жапаров: Өкмөттүн курамына чаалыгып-чарчоо эмне экенин билбеген команда топтолду | Эркиндик Медиа

Жапаров: Өкмөттүн курамына чаалыгып-чарчоо эмне экенин билбеген команда топтолду

Буюрса, өкмөттүн курамына жигердүү, тажрыйбалуу, чаалыгып-чарчоо эмне экенин билбей турган команда топтолду деп эсептейм. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда, Жогорку Кеңеш жыйынындагы өлкөнүн жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсүнөн кийин сүйлөгөн сөзүндө айтты.
Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчысынын сөзүндө төмөнкүдөй айтылат:
«Урматтуу депутаттар!
Урматтуу өкмөттүн мүчөлөрү!
Өкмөттүн жаңы курамынын Жогорку Кеңеш тарабынан көпчүлүк добуш менен шайланып, колдоо табышына жалпыбыз күбө болуп олтурабыз.
Былтыркы жыл оор болду.
Мына ушундай жагдайда, өткөн жылдын октябрь айындагы окуялардан бери өлкөдөгү жалпы абалды турукташтырууда, мыйзам талаасына кирүүсүндө Жогорку Кеңеш өтө позитивдүү роль ойногондугун баса белгилегим келип турат.
Себеби, силер мени бир эмес үч жолу колдоп бердиңер.
Бул үчүн мен сиздерге чын дилден ыраазымын.
Силердин бүгүнкү өкмөттүн курамына колдоо көрсөткөнүңөрдү — коомчулук өлкөдөгү жаңылануу жана реформа саясатына колдоо көрсөтүү деп түшүнүшүн каалар элем.
Силердин колдооңор — коомдогу ынтымакты чыңдоого болгон зор салым, мамлекетибиздин келечеги үчүн чогуу аракеттенүүнүн үлгүсү деп билем.
Анткени, Кыргыз Өкмөтүнүн бул жолку курамынын шайланган мезгили өлкөбүздүн мындан аркы өнүгүү жолу чындап сынакка түшкөн учур менен коштолууда.
Ачык эле моюнга алуу керек, бизди оор сыноолор күтүүдө.
Мен буга чейин бир нече ирет кайталап айтканымдай, биздин алдыбызда экономиканы турукташтыруунун, коронавирус пандемиясынын кесепеттерин жоюунун, башкача айтканда антикризистик чукул чараларды көрүүнүн кечиктирилгис милдеттери турат.
Ошол эле учурда биз экономиканы стабилдүү өнүктүрүүнүн программасын тез арада иштеп чыгып, өнүгүп-өсүштүн оң көрсөткүчтөрүн камсыздоонун пайдубалын эмитен түптөшүбүз зарыл.
Биз баштаган реформалардын бир багыты — башкарууну оптималдаштыруу, башкача айтканда эбегейсиз деңгээлге өсүп жеткен мамлекеттик-бюрократиялык аппаратты кыскартуу, кадр саясатын жаңыча жүргүзүү.
Анын натыйжасында, чечимдерди маалкатпай кабыл алуу, иш кагаздарын чуркатуунун тартибин тездетүү.