Жээнбеков кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени белгилүү болду | Эркиндик Медиа

Жээнбеков кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени белгилүү болду

Экс-президенти Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан  чыгып кеткени тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарынын бири жазып чыккан.

Аага ылайык, Жээнбеков “Манас” аэропортунан Түркиянын Стамбул шаарына учуп кеткен.

Ал эми экс-президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамлиева Жээнбеков умра сапарына кеткенин айтты.

“Сооронбай Жээнбеков Мекке шаарына кичи ажылыкка учуп кетти. Ал эртең менен жубайы болуп Стамбулга учту, андан ары Сауд Арабиянын Жидда шаарына учушат.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков бул сапарга Сауд Арабиясынын падышасынын чакыруусу менен кетти. Сапар 2020-жылдын ноябрь айында пландаштырылган. Пандемияга байланыштуу зыяратчылардын санына чектөөлөр болгон жана милдеттүү түрдө чакыруу себеби менен эми кетти.

Чакыруу 2021-жылдын февраль айында келди. Кичи ажылык сапары 10 күндөн ашык убакытка созулат. Андан кийин Жээнбеков Бишкекке кайтып келет”, – деди Стамалиева.