Жогорку Кеңеш шайлоодо форма № 2 боюнча добуш берүүнү жокко чыгарды | Эркиндик Медиа

Жогорку Кеңеш шайлоодо форма № 2 боюнча добуш берүүнү жокко чыгарды

Парламент шайлоодо форма № 2 боюнча добуш берүүнү жокко чыгарды. Бул тууралуу мыйзам долбоорунун автору, депутат Алтынбек Сулайманов “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.

Парламент бүгүн Шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Ага 84 эл өкүлү добуш берди.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунда партиялар үчүн шайлоо босогосун 3 пайызга, күрөөнүн өлчөмүн 1 миллион сомго чейин төмөндөтүү сунушталууда.

“Биз форма № 2 боюнча добуш берүүнү толугу менен жокко чыгардык”, – деди Алтынбек Сулайманов.