Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн жаңы вице-спикер шайлашты | Эркиндик Медиа

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн жаңы вице-спикер шайлашты

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 27-январдагы жыйында вице-спикерди шайлашты. Бул кызматка оппозициядан 2 талапкер — Нурбек Сыдыгалиев («Ата Мекен») менен Улан Исмаилов («Өнүгүү-Прогресс») чыккан.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Нурбек Сыдыгалиев («Ата Мекен») 77 добуш топтоду. Ал эми Улан Исмаиловдун («Өнүгүү-Прогресс») талапкерлигин 38 депутат колдогон.

Төраганын жаңы орун басарын ордуна парламенттеги аксакалдар коштоп барышты.

Ал эми ошол убакта Ак үйдүн алдына чогулган жарандар парламент тарасын деп талап кылышты. Болжол менен 40 чакты адам чогулган.

«Жакында жаңы бийлик келет. Ал мурунку бийликтин катасын кайталабасын. Бизге бай депутаттар керек эмес. Бизге иштей турган жаш кадрлар керек», – деди митингге чыккан Мирлан Орозбаев.

Аягында митингчилер бата кылышты.