Жогорку Соттун судьялыгына талапкер Дамир Назаров өзүнүн мүлктөрү тууралуу айтып берди | Эркиндик Медиа

Жогорку Соттун судьялыгына талапкер Дамир Назаров өзүнүн мүлктөрү тууралуу айтып берди

Бүгүн, 20-январда өтүп жаткан парламенттик жыйында депутат Дастан Бекешев Жогорку Соттун судьялыгына талапкер Дамир Назаровдон ага тиешелүү мүлктөрү тууралуу айтып берүүнү суранды. Депутат соттун башында турган кызматкерлер мыйзамсыз баюуга шектелип көп кармалып жатканын кошумчалады.

Назаров декларацияда бардыгын көрсөткөнүн айтты.

«Эки бөлмөлүү батир, 17 тилке жерим бар. Аялымдын мүлкү бар, ал дагы декларацияда көрсөтүлгөн», – деди ал.