Жол кире 15 сомго чейин көтөрүлөт. Пенсионерлерге жана мектеп окуучуларына жеңилдиктер берилет | Эркиндик Медиа

Жол кире 15 сомго чейин көтөрүлөт. Пенсионерлерге жана мектеп окуучуларына жеңилдиктер берилет

Бүгүн, 19-январда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кичи автобустун айдоочулары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуудан кийин ал ЖМК өкүлдөрүнө кичи автобустарда жүрүү акысы көтөрүлөрү жана бул болжол менен май айларына барышы күтүлүүдө. Алар жол кирени 15 сомго чейин көтөрүү ниетинде. Пенсионерлер жана мектеп окуучулары кичи автобустарда 8 сомдон жүрө алышат.

Түлөбаев белгилегендей, өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, анткени сунуштар Экономика министрлигинде талкууланып, андан кийин коомдук талкууга коюлат.