Жол кырсыгына кабылган Анжеликага операция жасалды | Эркиндик Медиа

Жол кырсыгына кабылган Анжеликага операция жасалды

Ырчы Анжеликага Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда операция жасалды. Бул тууралуу маалыматты аталган медициналык мекеменин басма сөз кызматы тастыктады.

Аны кечээ, 23-январда Түп районунан алып келишкенин айтышты. Бүгүн ага чукул операция жасашты. Операцияны Сабырбек Жумабеков жасаган. Ырчыга омурткасы жана тизе мууну жабыркады деген диагноз коюлган. Учурда ал наркоздон айыгып жатат.

Жабыркаган омурткасы калыбына келтирилди. Абалы туруктуу.

Эске сала кетсек, ырчы 23-январда эртең менен Караколдон Бишкекке кайтып келе жатып кырсыкка учураган. Унааны Анжеликанын курбусу Асель Ж. башкарып бара жаткан.

Анын беш жаштагы кызы жабыркап, ооруканага түшкөнүн Облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Жибек Жайылмышева билдирди.

“Автоунаада беш киши болгон. Ырчынын беш жаштагы кызынын эки бутунун тең сан сөөктөрү сынып кеткен. Башкаларына медициналык жардам зарыл болгон жок”, — деди директор.