“Өкмөттө эч кандай кыймыл да жок”. Депутат азык-түлүктөрдүн бааларынын көтөрүлүшү боюнча маселе көтөрдү | Эркиндик Медиа

“Өкмөттө эч кандай кыймыл да жок”. Депутат азык-түлүктөрдүн бааларынын көтөрүлүшү боюнча маселе көтөрдү

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Тазабек Икрамов күйүүчү майлардын, азык-түлүктөрдүн бааларынын көтөрүлүшү боюнча маселе көтөрдү.

“Күндөн-күнгө күйүүчү майлардын баасы кымбаттап жатат. Дүйнө жүзүндө нефти арзандап жатат. Жазгы-талаа иштери башталды. Биз дыйкандарга кандай жардам беребиз? Өкмөттө эч кандай кыймыл да жок. Кымбат 11 мамлекеттердин катарына кирдик. Бул маселени качан чечесиздер?

Мындан тышкары азык-түлүктөр кымбаттап, эл коңгуроо кагып жатат. Өкмөт эмне кылып жатасыздар? Маселе качан чечилет?”, – деди эл өкүлү.