Коргоо министрине депутатты ортого салып кирдим… | Эркиндик Медиа

Коргоо министрине депутатты ортого салып кирдим…

Мурат Жетимишбаев: Ошол достор, бүгүн Коргоо министрине кирейин деп баргам. Кайдан кокуй, тартип өлө катуу экен. Бүгүн кире албасымды түшүнгөн жаным, эски тактиканы пайдаланып Жогорку Кеңештеги катта, абройлу бир депутат иниме айтым. Ал иним иши кылса ауденция алып берди. Чакырышты, тартип катуу экен эки үч постон өтүп министрге жеттим. Лифт жок экен жүрөгүмдө темир бар жаным, бышылдап үчүнчү кабатка тердеп кургап араң чыктым. Арыкташ керек экен, деп койдум. Соткамды алып калышты. Ошентип кирдим, депутатты ортого салып кирген кишини ким эле сүйүп кабыл алсын. Ордунан туруп учураштык, кабагы сүрдүү, кабагынан канетсе да “бул аксакал өз иши боюнча эми депутатты ортого салып кыйнайт да”,- деген көз карашты окугандай болдум окшойт. Эмнеге бардың дебейсиңерби? Бул биздин Коргоо министрибиз Таалайбек иним Россиялык кесиптеши, түпкү теги кыргыз Шойгудан өзү үчүн эмес, Кыргыэстан үчүн күчтүү ракеталарды сурап алып келсе, мен деле өзүм үчүн эмес музей үчүн эски согуштук ар-кандай аскердик курал жарактарды экспонат катары музейге койгонго бөлүп берүү жагын сурап баргам да.Ошол анан менин пландарымды укканда, жанатандан бери куюлган кыттай тыкыйып, турган иним анан балкып эрип өзүнүн да, менин да көңулумдү ачып, мен сурагандан дагы ашык солдаттык буюмдарды бермей болду! РАХМАТ жолдош министр Таалайбек Бусурманкулович! Кичи пейил жөнөкөй жигиттик сапатыңызга таазим! Буюрса өзубүз пландаган иштерибиз бүтсө ачылуу аземине Сизди ардактуу конок катары сөзсүз чакырабыз! Өкүнүчтүүсү, соткамды алып калышкандыктан сурөткө түшө албай калдым даа. Эмкиде буюрса сөзсүз түшөбүз! Калганын Таалайбек инимден экспонаттарды алганда толук айтып берем ээ…