Кош бойлуу аялдар эмне үчүн фолий кычкылын пайдаланышы керек? | Эркиндик Медиа

Кош бойлуу аялдар эмне үчүн фолий кычкылын пайдаланышы керек?

Кочкор районундагы гинеколог-дарыгер Мадина Асаналива фолий кычкылдыгынын пайдасын айтып берди.

Ал белгилегендей, фолий кычкылдыгын эки ай ичип, андан кийин төрөттү пландаш керек. Кош бойлуу учурда ар күн сайын фолий кычкылдыгын ичип туруу зарыл. Ар бир кош бойлуу айым жоопкерчилик менен мамиле жасаса, дене кемтиги менен төрөлгөн балдардын саны азаят. Аялда фолий кычкылдыгы жетишпесе төрөлгөн балада айыкпай турчу оорулар болуп калышы мүмкүн. Төө буурчак, жаңгак, капуста, анар жана авокадонун курамында фолий кычкылдыгы көп.

«Баланын ден соолугу чың болуп жарык дүйнөгө келишине эненин саламаттыгы чоң ролду ойнойт. Анткени 9 ай курсакта көтөрүп жүргөн эненин ден соолугу чың болушу зарыл. Бала пландоого чейин ата-эне дарыгерге көрүнүп, керектүү анализдерди тапшырышы зарыл жана дарыгер жазып берген дарыларды ичиши керек. Аялдардын организми алсыз болгондуктан, түйүлдүктө маселе болуп калышы ыктымал. Кош бойлууларга баланы жарык дүйнөгө алып келгенче витамин, фолий кычкылдыгын ичүүнү сунуштап келебиз», – дейт Кочкор райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинеколог-дарыгери Мадина Асаналиева.

Кош бойлуу аялдын ден соолугуна, тамактануусуна үй-бүлө мүчөлөрү да жоопкерчиликтүү мамиле жасашы зарыл.