Кредиттин үстөк пайызын ким аныктай турганын Улуттук банктан маалымдашты | Эркиндик Медиа

Кредиттин үстөк пайызын ким аныктай турганын Улуттук банктан маалымдашты

Депутат Алтынбек Сулайманов насыялардын пайыздык үстөгү 31 пайыздан ашпашы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Коммерциялык банктардын пайыздык үстөгүн ким аныктайт?” деп депутат Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдон сурады.

Абдыгуловдун айтымында, пайыздык үстөктү банктар өздөрү аныкташат.

Депутат пайыздык үстөктү 31 пайыздан ашырбаш керектигин белгиледи. “Бүгүнкү күндө 31 пайыздан көп үстөк насыя бергендер болуп жатат. Үстөктү 31 пайыздан ашырбоо зарыл”, – деди ал.