“Кумтөрдүн” директорлор кеңешине кыргызстандык үч өкүл кошулду | Эркиндик Медиа

“Кумтөрдүн” директорлор кеңешине кыргызстандык үч өкүл кошулду

«Centerra Gold Inc.» компаниясы 11 талапкер директорлор кеңешине шайланганын жарыялады. Талапкерлер акционерлердин жылдык жыйынында каралганы компаниянын 11-майдагы билдирүүсүндө айтылат. Добуш берүү бюллетендер аркылуу жүргүзүлгөн.

Директорлор кеңешине кыргызстандык үч өкүл кошулду:

«Сenterra Gold Inc.» 2020-жылдын 1-майында жарыялаган маалымат боюнча, 11 талапкер директорлор кеңешине шайланган. Алардын арасында кыргызстандыктардан Дүйшөн Касенов, Максат Көбөнбаев жана Аскар Өскөмбаев бар болчу.

Компания 2020-жылдын 4-декабрында Тенгиз Болтурук директорлор кеңешинин мүчөсү болгонун, ал эми Аскар Өскөмбаев кеңештен кеткенин жарыялаган.