Курманбек Бакиев: Мекенимде болуп жаткан окуяларды жүрөгүмө жакын кабыл алдым | Эркиндик Медиа

Курманбек Бакиев: Мекенимде болуп жаткан окуяларды жүрөгүмө жакын кабыл алдым

Кыргыз Республикасынын мурунку президенти Курманбек Бакиев Кыргызстанда болуп жаткан митинг боюнча өз оюн РИА Новостиге билдирди.

Ал Кыргызстандын учурдагы абалын оор кабыл алып жатканын айткан.

Журналисттин Кыргызстандын саясатындагы абал тууралуу эмне айта аласыз деген суроосуна: «Мен өз оюмду айткандан баш тартам. Себеби, азыр менин сөздөрүмдү мамлекеттеги деструктивдүү күчтөр чыр-чатакты козгоо үчүн колдонушу мүмкүн»,- деп жооп берди.