Курсан Асанов ИИМ тарабынан кармалды | Эркиндик Медиа

Курсан Асанов ИИМ тарабынан кармалды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды. Бул тууралуу анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди.

Анын айтымында, ИИМдин мурунку кызматкерине “Имараттарды жана курулмаларды басып алуу” беренеси боюнча шектүү билдирүү тапшырылган. Курсан Асанов Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Бул саясий негиздеги иш. Курсан Асанов Ички иштер министрлигинин имаратына ошол кезде Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары болуп турган Өмүрбек Суваналиевдин көрсөтмөсү менен келген. Департаменттин жетекчилиги жеринде болгон эмес, башаламандыктардын жана талап-тоноолордун алдын алуу максатында, менин кардарым элдик кошуун менен байланыш түздү. Ушундайча ал тартипке келтирди. Рахмат дегендин ордуна аны камап салышты. Курсан Асанов эч нерсеге кол койгон эмес, кадр маселесин чечкен эмес”, – деди Икрамидин Айткулов.

Эске салсак, 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин Бишкекте башаламандык болуп, бийликтин алмашуусуна алып келген. Бул ишке мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, парламенттин экс-депутаты Равшан Джээнбеков, президенттик аппараттын экс-башчысы Фарид Ниязов катышкандыгы айтылууда.