Кыргызстанда сабиздин баасы 45 сомго чейин түштү | Эркиндик Медиа

Кыргызстанда сабиздин баасы 45 сомго чейин түштү

Кыргызстанда сабизге болгон баа төмөндөй баштады.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, сезондук көрүнүшкө байланыштуу, тактап айтканда, базарларда жаңы өскөн сабиздердин пайда болушу жана мамагенттик тарабынан жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында сабиздин баасы турукташа баштады.

“Учурда “Сары-Өзөн” базарында жуулган сабиздин 1 кг баасы 50 сомдон, жуулбаганы 45 сомдон сатылууда. Ал эми соода түйүндөрүндө баа 60-70 сомго түштү”, – деп айтылат маалыматта.