Кыргызстандык бир кызматкердин орточо айлык акысы 18 957 сомду түздү | Эркиндик Медиа

Кыргызстандык бир кызматкердин орточо айлык акысы 18 957 сомду түздү

Бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2021-жылдын январь-апрель айларында (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 18 957 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

2020-жылдын январь-апрель айларына салыштырганда бир кызматкерге эсептелген орточо айлык номиналдык эмгек акы 7% га жогорулады, ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептегенде, анын чыныгы көлөмү 2,6% га төмөндөдү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген расмий курстун негизинде 2021-жылдын январь-апрель айларында бир кызматкердин орточо айлык маянасы 224,1 АКШ долларын түздү.