Кызыл зонадагы медицина кызматкерине коронавирус жукту
Бүгүн, 4-февралга караган суткада 1 медицина кызматкери коронавирус менен катталды. Ал Бишкек шаарындагы ооруканада кызыл зонада эмгектенген.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, бир суткада үй карантинден 2 медкызматкер чыгарылган.
Кыргызстанда COVID-19 диагнозу менен жалпы 4180 медицина кызматкери катталды. Алардын ичинен 4097 адам айыккан.