Өлүм алдында кат жазып кеткен: Россиядагы кампада Кыргызстанда туулган адамдын сөөгү табылды | Эркиндик Медиа

Өлүм алдында кат жазып кеткен: Россиядагы кампада Кыргызстанда туулган адамдын сөөгү табылды

Россиянын Москва облусундагы (Подмосковье) «ЦентрСервис» фармацевтикалык компаниясынын кампасынан 2 эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу «РБК» басылмасы ИИМдин Москва облусу боюнча башкы башкармалыгындагы жана жергиликтүү полиция бөлүмүндөгү булактарына шилтеме берүү менен жазды.

Полицияга 2 адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу 19-июлда саат 16:50дө кабарлашкан. Бир маркумдун – 1981-жылы туулган Лилиан Чотунун төшүндө жана курсагында 5 кесик бар болчу. Ошондой эле моюну, бетинин сол тарабы мурдунан кулагына чейин кесилген.

Экинчи маркум – 1965-жылы туулган Алтынбек Айбашов — Кыргызстанда туулган. Ал өзүн-өзү өлтүргөн. Анын жанынан каракалпак тилинде жазылган акыркы каты табылган.