Лебединовкада кыз ала качты делген жигит милицияга өзү барды | Эркиндик Медиа

Лебединовкада кыз ала качты делген жигит милицияга өзү барды

Лебединовка айылында адам уурдоого шектелип изделип жаткан жигит милиция бөлүмүнө өзү барды. Бул маалыматты Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 14-майда билдирди.

 

Сөз 1997-жылы туулган Абдумалик Мамаяров жана 1995-жылы туулган Изят Курбанова жөнүндө болуп жатат. Алар үйлөнүүнү макулдашып, бирок кыздын ата-энеси каршы чыккан.

 

Окуя 6-майга караган түнү болгон. Милицияга К.Ф. аттуу аял киши арыз менен кайрылып, 5-майда саат 23:00дө Лебединовка айылындагы дүкөндүн алдынан белгисиз адамдар К.И. аттуу сиңдисин «Тойота Эстима» унаасына салып, уурдап кетишкенин билдирген. Аталган факт Жазык кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) менен КЖБРга катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

  1. Чүй ОИИБдин жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери Изятты 7-майда кечки саат 16:30 чамасында Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылындагы үйлөрдүн биринен табышты. Ал жигити менен бирге өз каалоосу менен кеткенин айткан.

Ал эми Абдумалик Аламүдүн РИИБге 12-майда саат 20:00 чамасында барган. Териштирүү иштеринен кийин Абдумалик үйүнө кеткен. Ал эми Изят ала качуу же адам уурдоо болбогонун айтууда.