Лейлек район аймагында коомдук коопсуздук көзөмөлдөнүүдө | Эркиндик Медиа

Лейлек район аймагында коомдук коопсуздук көзөмөлдөнүүдө

Лейлек район аймагында “Укук тартип” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө. Бул иш-чаранын жүрүшүндө район аймагындагы тургундардын коомдук коопсуздукту сактоо, укук бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо багытында бир топ иштер жүргүзүлүп жатат.

Лейлек РИИБнин кызматкерлери жалпысынан 5 топко бөлүнүп, ар бир аймактарда паспорттук режимдерди, каттоодо турган курал-жарактардын мөөнөтүн текшерип, мал уурулуктардын алдын алуу боюнча айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Мындан сырткары Лейлек РИИБнин каттоосунда турган жарандар менен профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп, алардын жүрүм-турумундары текшерилүүдө.

Ошондой эле окуучулар арасында кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу максатында жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери өздөрү тейлеген мектептерге барышып, мектеп окуучулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Бул “Укук тартип” иш-чаранын жүрүшүндө Лейлек районунун аймагында милициянын уполномоченныйлары тарабынан бир уурулук фактысынын бети ачылды.
Баткен облус аймагында “Укук тартип” аталышындагы иш-чара 18, 19, 20-январь күндөрү өткөрүлөт.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы