Марипов Чоң-Алайлыктарга: Чек арада жашаган тургундар-биздин баатырлар деп билем | Эркиндик Медиа

Марипов Чоң-Алайлыктарга: Чек арада жашаган тургундар-биздин баатырлар деп билем

Улукбек Марипов Ош облусунун Чоң-Алай районунун чектеш айылдарынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы чек ара маселеси маанилүү маселелердин бири экенин баса белгиледи.
“Бүгүнкү күндө биз үчүн чек ара маселеси – эң маанилүү маселелердин бири. Бул маселени чечүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалууда. Биз аны сөзсүз түрдө чечебиз. Жакында көйгөйлүү маселелерди чечүүгө чейин Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара аркылуу кыймылды толук токтотуу чечими кабыл алынды. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин чечүү менен катар биз чектерибизди чыңдоо максатын коюудабыз. Ал үчүн биздин чек арачылар үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүдөбүз. Мамлекеттик чек араны чыңдоо маселесинде жергиликтүү тургундар маанилүү ролду ойнойт. Ошондуктан сиздерди сабырдуулукка жана түшүнүүгө чакырам. Чектеш аймакта жашоонун маанисин мында жашаган тургундар мыкты түшүнөт. Мен ар дайым бул адамдарды элибиздин баатырлары катары белгилеп келем. Дагы бир ирет кайталап кетем, биздин негизги максатыбыз – карапайым калктын жашоо-турмушун жакшыртуу. Ал үчүн зарыл нерселерди биз ырааты менен биргеликте ишке ашырабыз”, – деди Улукбек Марипов.
Андан соң Улукбек Марипов “Карамык” чек ара заставасына барып, “Карамык – Автожол” жаңы өткөрүү пунктунун курулушу менен таанышты.
Өткөрүү пунктунда чек ара, бажы, санитардык-карантиндик, ветеринардык-фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл жүргүзүлөт.
Объекттеги курулуштун негизги бөлүгү апрелде жыйынтыкталган, өткөрүү пункту бажы кызматына берилген. Бардык курулуш иштери жыйынтыкталган соң, өткөрүү пункту толугу менен пайдаланууга берилет.