“MegaCom” имаратына куралчан адамдар келишти
Бүгүн, 7-октябрда “MegaCom” имаратына куралчан адамдар келишти. Алар ичкери киришти. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, алардын саны 15-20 адам. Айрым кызматкерлер көчөдө туруп, имаратка кире албай жатышат.
Эске сала кетсек, компания 100% мамлекеттин карамагында. Абай Бекбоев директордун креслосунда, Улан Баялиев дагы отурат.
“Алар өздөрүн Темир Сариевдин жакын туугандары деп аташат”,-деп белгилешет компания. Ичинде дагы кызматкерлер бар.
Бекбоев – Чүй облусунун Ысык-Ата районунун экс-прокурору жана ага кылмыш иши козголгон.