“Мен аны четке какпайм” Алымкадыр Бейшеналиев Көлбаевдин эжесине операция жасаганын тастыктады | Эркиндик Медиа

“Мен аны четке какпайм” Алымкадыр Бейшеналиев Көлбаевдин эжесине операция жасаганын тастыктады

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев Камчы Көлбаев менен жакшы тааныш жана анын туугандарына операция жасаган деген имиштер тарап жатат. Бул тууралуу журналисттер Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин өзүнө суроо менен кайрылды.

“Анын улуу эжеси менин классташым. Мен ага холецистэктомия (өт баштыкчасын алуу) операциясын жасаганмын. Мен аны четке какпайм. Көлбаевдин эжеси экөөбүз чогуу окуганбыз. Ал учурда Камчы Көлбаев уюшкан кылмыштуу топто болгон эмес. Баарына операция жасаганмын: Акаевге да, Бакиевге дагы”, – деди Бейшеналиев.