Мэрия: Бишкек шаарында жакынкы аралыкта бала бакчалар ачылбайт | Эркиндик Медиа

Мэрия: Бишкек шаарында жакынкы аралыкта бала бакчалар ачылбайт

Бишкек шаарында жакынкы аралыкта бала бакчалар ачылбайт. Бул тууралуу шаардык кеңештин жыйынында вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.

Анын айтымына караганда, салттуу түрдө окуу режимине өткөн мектептердеги окуучулардан коронавирус илдети аныкталгандыктан бала бакчаларды ачуу убактысы узартылды.

Ал эми окуучуларды жалпы салттуу окутуу режимине өткөрүү эпидемиологиялык абалга жараша аныкталат“, – деди Айжан Чыныбаева.

Буга чейин бала бакчаларды 1-февралда ачуу пландалып жаткан.

Эске салсак, мектептердеги COVID-19 илдети аныкталган окуучулар окуган класс онлайн окууга жөнөтүлгөн.