Мэриянын имаратынын алдында Нариман Түлеевге каршы митинг өтүп жатат | Эркиндик Медиа

Мэриянын имаратынын алдында Нариман Түлеевге каршы митинг өтүп жатат

Бишкек шаардык мэриясынын имаратынын алдында Нариман Түлеевдин вице-мэр болгонуна каршы тараптардын митинги өтүп жатат.

Анда келген тараптар Нариман Түлеевдин вице-мэр болгонуна каршы экенин билдирип, кетсин деген талап менен чыгышкан.

“Мурда соттолгон адам мындай кызматта боло албайт. Анын соттуулугу толугу менен жокко чыгарыла элек. Бул кызматка дайындала турган башка адамдар жокпу? Алардын саны көп”, – дейт митингдин катышуучусу

Эске сала кетсек, Нариман Түлеев 19-октябрда Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалган.