Милициянын кайгуул кызматында 4 айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү | Эркиндик Медиа

Милициянын кайгуул кызматында 4 айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү

Милициянын кайгуул кызматында 4 айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү.

 

 

Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызмат башкармалыгында башкармалыктын башчысы Алмазбек Исаковдун, орун басары Мирлан Боеновтун, башкармалыктын полкунун командири Канатбек Жумаевтин, рота саркерлери жана бөлүм башчыларынын катышуусунда 4 айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме болуп өтүп, төмөнкү маселелер каралды.

 

Кайгуул кызматкерлери тарабынан 4 айдын ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 111 628 протоколдор толтурулуп, өткөн жылдын 4 айына салыштырмалуу 76 202 протоколго көп түзүлгөн.

 

Алардын ичинен :

 

– Авто унаага тийиштүү документтери жок айдоо 1348 ;

 

-Мас абалында авто унаа башкаруу 1122;

 

– Авто ээнбаштык 21;

 

-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо 229;

 

– Башка жол эрежелерин бузуу фактылары 108 908;

 

– Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 8150 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

 

Бул түзүлгөн протоколдор үчүн жалпысынан 154 632 500 сом айып пул салынып, бүгүнкү күндө 34 153 872 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.

 

Ошондой эле 4 ай ичинде кайгуул кызматы тарабынан “102” линиясы боюнча 24 842 чакыруулар ыкчам жана сапаттуу тейлеген.

 

 

Ыкчам кеңешмеде мындан башка да ачылган кылмыштар, жол кырсыгынын алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча маселелер каралып, жетекчилик тарабынан тийиштүү бөлүмдөргө тапшырмалар коюлду.

 

 

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.