Милициянын кайгуул кызматында кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлер эскерилди | Эркиндик Медиа

Милициянын кайгуул кызматында кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлер эскерилди

Милициянын кайгуул кызматында кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлер эскерилди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

15-май Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерди эскерүү күнү болгондуктан Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгында кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон кызматкерлерди эскерүү аземи болуп өттү.

Эскерүү учурунда МККБнын полкунун башчысы Жумаев Канатбек Касымалиевич өздүк курамдын астында сөз сүйлөп: -“Арабыздан өткөн кызматкерлер коомдук коопсуздукту сактоодо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүп анын алдын алууда, алардын аткарган ак милдеттери жана кылган эмгектери эч убакта унутулбайт жана тарых барактарында бекем сакталат”. –деп өздүк курамга алардын жасаган эрдиктерин жана басып өткөн жолун айтып берди.

Андан сырткары кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үйүнө барып, башкармалыктын атынан акчалай жардамдар тапшырылды.