Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз элин Айт майрамы менен куттуктады | Эркиндик Медиа

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз элин Айт майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кыргыз элин Айт майрамы менен куттуктады. Анын сөзү төмөндө өзгөртүүсүз берилди:
“Орозо Айт майрамыңыздар куттуу болсун!
Рамазан – сабырдуулуктун, берекенин, биримдиктин, мээримдин, кайрымдуулуктун айы.
Орозо айт – көңүлдөрдү толтурган, жанды жаркыткан ыйык майрам.
Рамазан айында кылган дубаларыңыз жана жасаган жакшылыктарыңыз Жараткан тарабынан кабыл болушун чын дилимден каалайм. Жаркыраган Орозо айт майрамы биздин мекенге, ар бир үйгө кубаныч, тынчтык, ынтымак, биримдик жана молчулук алып келсин”, -деп айтылат билдирүүдө.