Мухаммедкалый Абылгазиев 26-мартка чейин абакта калтырылды | Эркиндик Медиа

Мухаммедкалый Абылгазиев 26-мартка чейин абакта калтырылды

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.

Абылгазиев 26-мартка чейин абакта болот.

Экс-премьер-министр 26-январь күнү сурактан кийин кармалган. Ал коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталып жатат. УКМКнын маалыматына караганда, ал мамлекеттик кызматта иштеп турган чагында активдери кескин көбөйүп, расмий түрдө тапкан кирешесинен бир нече эсеге көп чыккан.