Мурунку чиновник кармалды | Эркиндик Медиа

Мурунку чиновник кармалды

Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурунку жетекчиси мамлекетке ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирген деп айыпталып жатат. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 2-февралда таратты.

1-февралда Аскер прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен айыпталган Ч.Б. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу абагына камакка алынган.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, Ч.Б. 2016-жылдын декабрь айында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, радиожыштыкты пайдалануу үчүн лицензия берген. 298 млн 803 миң сомдук лицензия болгону 1000 сомго бааланган, деп айтылат маалыматта.