Мурунку депутат Исхак Пирматов камактан бошотулду | Эркиндик Медиа

Мурунку депутат Исхак Пирматов камактан бошотулду

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Исхак Пирматовдун («Бир бол») баш коргоо чарасын карады. Райондук сот бүгүн, 22-июлда билдирген маалымат боюнча, ал эч жакка чыкпоо талабы менен 15-июлда камактан бошотулган.

  • 25-июнда Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматовду 31-июлга чейин УКМКнын абагында камакта калтыруу жөнүндө чечимин күчүндө калтырган. Пирматовдун жактоочусу шаардык сотко Биринчи май райондук сотунун 2-июндагы чечиминин үстүнөн арызданып кайрылган.
  • Пирматов 31-майда Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) 2-бөлүгүндөгү кылмышка, тактап айтканда Кумтөрдөгү коррупцияга тиешеси бар деген шек менен кармалган.