Нариман Түлеев: Эгерде мен шайлоодо жеңишке жетсем, шаарды өнүктүрөм | Эркиндик Медиа

Нариман Түлеев: Эгерде мен шайлоодо жеңишке жетсем, шаарды өнүктүрөм

Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«2008-жылы мен өзүмдүн белгилүү көз караштарым менен мэр болуп келгем. Бир жарым жыл ичинде көп нерсеге жетише алдык. Бирок шаарды сапаттуу өнүктүрүү маселесин жада калса чексиз бюджет болгон күндө да бир жарым жылда чечүүгө мүмкүн эмес. А биздин бюджет өтө жупуну эле. Биз белгилүү ийгиликтерге жете алдык, анткени бизде иштөөгө, системаны өзгөртүүгө болгон каалообуз бар эле. Буга шаардыктар күбө. Менде жана тилектештеримде ал каалоо азыр дагы бар.

Бишкектин тургундарын четте карап турбоого чакырам. Бир гана силер жана силердин добушуңар абалды жакшы жакка өзгөртө алат», — деп жазган ал.