Нариман Түлеев: “Садыр Жапаров кет десе кетем, кал десе калам” | Эркиндик Медиа

Нариман Түлеев: “Садыр Жапаров кет десе кетем, кал десе калам”

Бүгүн, 21-октябрда Бишкек мэриясынын алдында митинг өтүүдө. Анда чогулган эл мэрдин убактылуу милдетин аткарып жаткан Нариман Түлеевдин кетишин талап кылып жатышат.

Мэриянын алдына чогулгандарга Нариман Түлеев кайрылуу жасады.

“Мен азыр Садыр Жапаровго жолугуп келем. Эгер ал кет десе кетем, кал десе калам. Мага бир саат убакыт бергиле”, – деди ал.