Нарын ОИИБи: Нарын районунда маркум милициянын лейтенанты Клисов Алмазбек Өзгөрүшович эскерилди | Эркиндик Медиа

Нарын ОИИБи: Нарын районунда маркум милициянын лейтенанты Клисов Алмазбек Өзгөрүшович эскерилди

Нарын районунда маркум милициянын лейтенанты Клисов Алмазбек Өзгөрүшович эскерилди. Бул тууралуу аталган облустун басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 17-май күнү Нарын районуна караштуу Жер-Көчкү айылындагы Б.Кыязов атындагы орто мектебинде мектеп администрациясы уюштурган иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чарага Нарын РИИБнүн жетекчилиги, райондук жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Нарын облусунун казыяты, атайын чакырылган коноктор, айыл тургундары жана мектеп окуучулары катышышты.

Анда Б.Кыязов атындагы орто мектебинде маркум милициянын лейтенанты Клисов Алмазбек Өзгөрүшовичтин атынан окуу залынын ачылыш аземи болуп өттү.

Клисов Алмазбек Өзгөрүшович 1992-жылы Нарын районуна караштуу Жер-Көчкү айылында төрөлгөн. 1999-жылы Б.Кыязов атындагы орто мектебине 1-класска кирген.Аталган мектепти 2010-жылы аяктап, Бишкек шаарындагы И.Исанов атындагы Кыргыз Улуттук Архитектура жана Курулуш Университетинин Жол коопсуздугун көзөмөлдөө факультетине тапшырган. 2015-жылы Университетти аяктап, Ысык-Көл областтык Ички иштер бөлүмүнө кызматка кирген. Ошол учурда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Юриспруденция факультетинде сырттан окуган. 2018-жылы Ысык-Көл ОИИБдин Балыкчы ШИИБнин коомдук коопсуздук кызматынын милициянын аймактык ыйгарым өкүлү болуп иштеген. 2018-жылдын октябрь айында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө участкалык инспектор кызматында эмгек өтөгөн.

Маркум Клисов Алмазбек 2018жылы автокырсыктан улам 26 жашында каза болгон.

Ички иштер органдарында аз убакыт иштесе дагы өз кесибин сүйгөн, түйшүктүү жумушунда ар дайым жоопкерчиликтүү, күжүрмөн даярдыкта так жана ак ниет менен кызмат өтөп, алгылыктуу иштерди колго алып жетекчилигинин алкышына арзыган. Ошол эле учурда кызматкерлер арасында кадыр баркка ээ боло алган.

Ушундай эр жүрөк эр азаматка туура татыктуу тарбия берип, мекен үчүн эл жери үчүн күйгөн патриот уулдуу тарбиялап өстүрүгөн ата-энесине ыраазычылык билдирип, Алмазбек мырзанын атынан ачылган окуу залына Нарын РИИБү тарабынан акчалай сыйлык тапшырылды.